18 марта 2021
Премьер-министр Улукбек Марипов 2021-жылы мамлекеттик деңгээлде белгиленчү мааракелердин тизмесин бекитти.
Улуттук деңгээлдеги иш-чаралар:
- Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы. Ишке тартылган министрликтердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринен, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат;
- Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы. Бул иш-чара дагы жогоруда айтылган булактардан каржыланат.
Юбилейлик иш-чаралардын тизмеси:
- Академик, лингвист, лексикограф жана лексиколог, түрколог, профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмер Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгы;
- Кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, акын, драматург, агартуучу, журналист, профессор Касым Тыныстановдун 120 жылдыгы;
- Кыргыз ССРинин эл акыны, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасынын ээси Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы;
- Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министри, Кыргыз ССРинин Министрлер советинин төрагасынын орун басары Сакин Бегматованын 100 жылдыгы;
- Төкмө акын, СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы;
- КР эл жазуучусу, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасынын ээси Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы;
- КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Ильяс Ботбаевдин 90 жылдыгы;
- Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы;
- КР эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Казат Акматовдун 80 жылдыгы;
- СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы.