Уйку таттуу болушу үчүн эмне кылуу керек. Окумуштуулардын кеңеши

15 марта 2021 Уйку таттуу болушу үчүн эмне кылуу керек. Окумуштуулардын кеңеши

Окумуштуулар уйку таттуу болушу үчүн керектелүүчү бир нече кеңешти айтты. Бул тууралуу макала Sleep Health журналына жарыяланган. Эксперттер баарынан мурда уйкунун узактыгына көңүл бурууга чакырат.

"Эгер адам суткасына беш сааттан аз уктаса, жүрөк-кан тамыр жана мээдеги кан айлануу системасына терс таасирин тийгизет", — деп эсептейт окумуштуулар.

Ошондой эле аз уктоо психикалык ооруларды дагы чакырышы мүмкүн экени айтылат. Бирок көп уктай берүү да дурус эмес, андайда адам ишке көңүлү тартпай, шалдырап калары эскертилди.

Мындан сырткары, жакшы уктоо үчүн алкоголдук ичимдик ичип жатыш керек деген мифти изилдеп көрүшкөн. Окумуштуулардын пикиринде, спирт ичимдиктери тез уктап калууга жардам бергени менен уйкунун сапатын начарлатат.

Андыктан жатар алдында жылуу сүт же чөп чай ичүүнү сунушташат. Аны менен катар сыналгы көрүүдөн баш тартуу керектигин айтышкан. Себеби экрандан чыккан көк нурлар уйку гормонун иштеп чыгуу режимин бузат.


sputnik