Кант диабетинен алыс болуунун негизги ыкмасы айтылды

14 марта 2021 Кант диабетинен алыс болуунун негизги ыкмасы айтылды

Эндокринолог-дарыгер жана медицина илимдеринин кандидаты Юлия Мануйлова жалпыга маалымдоо каражаттарына кант диабетинен кантип алыс болуунун ыкмаларынын эң негизги эрежесин айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Кант диабетин алдын алуунун негизги ыкмасы — адамдын толуп кетпеши. Салмак канчалык кичирээк болсо, аталган илдетке чалдыгуу кооптуулугу ошончолук аз болот", — деген эксперт.

Дарыгер адам семирсе аталган оору менен жапа чегет деген кооптуулук тобуна кирерин айтып берген. Эгерде адам баары бир толуктардын катарын толуктаса, кандагы глюкозанын көлөмүн билүү үчүн жылына жок дегенде бир ирет анализ тапшырууга туура келет.

Адис мындан сырткары кантип толуп кетпей, салмакты керектүү тартипте сакташ керек деген суроого кыска-нуска жооп берген. "Аз жеп, көп кыймылда болуш керек. Бул үчүн калориясы аз бардык диета туура келет. Бул бир топ убакытка созулат, адам туура тамактанууга көнүшү зарыл", — деген дарыгер.

Буга чейин эндокринолог дарыгер Мария Прелипсеан дааратканага көп баруу, көп суусоо, адамдын ачка калгандай сезимде жүрүшү, көздүн көрүүсүнүн тумандашы, теринин кесип же тыттырып алган жериндеги жарааттын көптө бүтүшү экинчи типтеги кант диабетинен кабар берерин айтышты.


sputnik