Гонконг сап башында турат. Кыргызстандан малдын ичеги-карыны сыртка көп сатылууда

12 марта 2021 Гонконг сап башында турат. Кыргызстандан малдын ичеги-карыны сыртка көп сатылууда

2020-жылы Кыргызстан сыртка малдын 1 284,1 тонна ичеги-карынын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында жазылган. Жогорудагы азык баш-аягы дээрлик миллион долларга бааланган.

Мекеме "Жаныбарлардын ичеги-карыны" товардык номенклатурасы боюнча маалымат берди. Кыргызстандан ичеги-карын алган мамлекеттер:

  • Гонконг (Кытайдын аймактык району) — 808,4 тонна;
  • Вьетнам — 413,6;
  • Түркия — 40,1;
  • Мьянма — 22.

Ал эми 2019-жылы 250 тоннага аз сатылып, жалпы суммасы 984 миң долларды түзгөн. Өткөн жылы Гонконг ичеги-карын экспорттолгон мамлекеттердин катарында жок болчу.


sputnik