Жан керек да! Туристтердин кайыгына секирип түшкөн пингвиндин видеосу

11 марта 2021 Жан керек да! Туристтердин кайыгына секирип түшкөн пингвиндин видеосу

Антарктида аймагындагы айсбергдердин мекени болгон Жерлаш кысыгында пингвиндин косаткалардан качып, адамдардан ылымта издеген кызыктуу видеосу тарады.

Блогер-саякатчы Мэтт Карстен жана анын жубайы Анна саякат учурунда Антарктида жашоосунун кишинин тынчын алып, жай турган кишини чебелектетип жиберген бир үзүмүн тартып алган.

Мелтиреген тыптынч сууда саякатчылардын бир нече кайыктары, алардын жанында эле суунун ичинде косаткалардын үйүрү сүзүп жүрөт. Бир учурда кайыктарды көздөй зыпылдап бирде сүзүп, бирде секирип, косаткалардан качып келе жаткан пингвин кадрга түшүп калган. Бул учурда туристтер түйшөлө түшүп, бир катары "бол", "тез" деп кубаттап башташкан. Жанын сактап калууга далбастаган жаныбар чочуркабай эле бир нече адамдар отурган кайыкка секирип, бирок капталына тийип сууга кулаган. Анысы оңунан чыкпай калып, кайрадан кайыктарды аралай качып жөнөгөн. Акыры бир нече ирет кылган аракетинен соң пингвин кайыкка секирип түшүп, куугунчулардан аман калган.

Видеонун аягында айлана тынчып, алар коопсуз жерге жеткен соң жаныбар кайрадан шыргалаң сууга секирип, кадимки жашоосунун нугуна түшкөн.


sputnik