Окумуштуулар узак жашоо үчүн зарыл болгон күнүмдүк азыктарды аташты

10 марта 2021 Окумуштуулар узак жашоо үчүн зарыл болгон күнүмдүк азыктарды аташты

Мөмө-жемиштерге бай диета өлүмгө кептечү өнөкөт оорулардын тобокелдигин азайтууга жардам берет. Мындай тыянакты Гарвард медициналык мектебинин окумуштуулары билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.

Алар ден соолугуна узак убакыт бою байкоо жүргүзүлүп келген эки миллиондон ашуун адамдын маалыматтарын талдап чыгышкан. Мындан тышкары, ыктыярчылардын тамактануу адаттарын аныкташты. Жалпысынан эксперттер дүйнө жүзү боюнча, Австралиядан тарта Түндүк Америкага чейин жүргүзүлгөн 30га жакын илимий эмгектин маалыматтарын жалпылаштырган.

Күнүмдүк рационунда үч порциядан жашылча жана эки порция мөмө-жемиш жеген адамдар башкаларга караганда узак жашай турганы изилдөөдө маалым болгон. Орто эсеп менен алганда, бул адамдарда күнүнө эки жемиш же жер-жемиш жеген адамдарга салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумуу коркунучу 12 пайызга төмөн болгон.

Мындан сырткары, окумуштуулар жашылча, мөмө-жемишти көп жечүлөрдүн арасында рактан каза болгондор 10 пайызга аз болгонун, ал эми респиратордук оорулардан өлгөн учур 35 пайызга аз катталганын аныкташкан.

Изилдөөнүн авторлору ден соолукка мыкты таасир этүүчү диетага капуста, салат, шпинат жана башка жалбырактуу жашылчаларды кошуу менен жетишүүгө боло тургандыгын белгилешти. Бета-каротин жана С витамини бар сабиз жана цитрус жемиштери да абдан пайдалуу деп аныкталган. Ал арада картошка, буурчак жана жүгөрү, ошондой эле жемиш ширелери өмүрдүн узактыгына таасирин тийгизе албайт дешти окумуштуулар.


sputnik