9 марта 2021
Кыргызстандыктар Нооруз майрамына карата үч күн катары менен эс алат.
Быйылкы 21-марттагы Нооруз майрамы жекшемби күнгө туура келет. Буга байланыштуу майрамдык дем алыш күн дүйшөмбүгө, 22-мартка, жылдырылат.
Мындан улам өкмөттүн токтомуна ылайык, 20 (ишемби), 21 (жекшемби) жана 22-март (дүйшөмбү) күндөрү кыргызстандыктар эс алат.