Кытай кыргызстандыктарга жекече туристтик виза бере баштады

5 декабря 2018 Кытай кыргызстандыктарга жекече туристтик виза бере баштады

Жекече туристтик визаларды берүү 2017-жылдын башында токтотулган.

Кытайдын Кыргызстандагы консулдук бөлүмү кыргызстандыктарга жекече туристтик виза бере баштады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жекече туристтик визаны берүү 2017-жылдын башында токтотулган. Уруксат кагазын беш адамдан турган топ гана ала алчу.

"Учурда элчилик "L" категориясындагы жекече туристтик визаларды берип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Кабыл алуу бөлүмүнө Кытай элчилигинин сайты аркылуу жазылса болот. Ошондой эле интернет ресурска керектүү документтердин тизмеси жарыяланды.



Дагы: sputnik.kg, фото -© Sputnik / Мария Плотникова