WhatsApp кээ бир смартфондордо иштебей калары айтылды

9 марта 2021 WhatsApp кээ бир смартфондордо иштебей калары айтылды

WhatsApp мессенджери iPhone смартфондорунун эски үлгүлөрүндө эми иштебей калат. Бул туурасында РИА Новости WABetaInfo порталына шилтеме кылып жазды.

iOS үчүн чыгарылган тиркеменин акыркы бета-версиясында iOS 9 операциялык системасынын жана андан мурдагы эскирээк версияларын колдой турган түзүм жок болуп калган. Анткен менен бул маалымат WhatsApp мессенджеринин расмий ресурсунда тастыкталган эмес.

Учурда iPhonе үчүн каралган операциялык системанын расмий тизмесинде мессенджер колдой турган iOS 9 жана анын жаңыраак версиялары көрсөтүлгөн.

2021-жылдын 1-январынан тарта операциялык системасы жаңыланбай калган iOS 9 же Android 4.0.3. сериялары аталган мессенджерди кармабай калган.


sputnik