Адамды арыктата турган азыктарды диетолог санап берди

9 марта 2021 Адамды арыктата турган азыктарды диетолог санап берди

Адамды арыктоосуна майнаптуу жардам бере алган жашылчалардын катарына баклажан, бадыраң, помидор жана кабакча жашылчасы (кабачок) кирет. Бул туурасында РИА Новости терапевт, диетолог Екатерина Бурляеванын айткандарына таянып жазган.

Жогоруда саналган азыктардын курамында суу жана клетчатка арбын болгондуктан адамды бир топко ток кармайт. Адис буга көк-сакты да кошкон.

Бурляева арыктоодо жеш керек деген азыктардын жардамы анча деле көп болбостугун, ага кошумча, адам өзү да аракет кылышы керектигин айткан.

"Кишилер так эмес маалыматтан улам арыктатат деген азыктарга өтүп алышат да, пайдасына зыянын көбүрөөк тартып калат. Диетага отурам дегендер ичкен тамак-ашындагы белок, май жана углеводдорду теңдештирип алуусу зарыл", - деген ал.

Бурялева калориясы анча көп эмес козу карын, грейпфрутту мисал катары келтирип, бирок бул салмактын азайышына түздөн-түз таасирин тийгизет дегендик эмес деп эскертти. Дарыгер рационду туура түзгөндө гана аталган азыктар өзүнүн найтыжасын берерин кошумчалады.


sputnik