Ысык-Көл жүрөктү дарылайт. Россиялык космонавт өзгөчө сүрөт жарыялады

1 марта 2021 Ысык-Көл жүрөктү дарылайт. Россиялык космонавт өзгөчө сүрөт жарыялады

Россиялык космонавт Сергей Кудь-Сверчков Эл аралык космостук станциядан тартып алган Ысык-Көлдүн уникалдуу сүрөтүн Twitter-аккаунтуна жарыялады.

"Ысык-Көл — бул кар баскан тоолордун ортосундагы баалуу аквамарин. Ал адамдын денесин гана эмес, жан дүйнөсүн дагы дарылаган бальзам. Жүздөгөн жылдардан бери адамдарга дем берип келе жаткан Кыргызстандын бермети", — деп жазылган сүрөттүн алдына.

Кадрдан Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабындагы булут бурганагын көрүүгө болот.

Интернет колдонуучулары космонавттан ушул сыяктуу сүрөттөрдү байма-бай чыгарып турууну суранышкан.


sputnik