Таң атпай ачкарын жегенге болбой турган азыктар. Адистин кеңеши

1 марта 2021 Таң атпай ачкарын жегенге болбой турган азыктар. Адистин кеңеши

Диетолог Елена Соломатина эртең менен көп колдонулган айрым азыктарды атап, аларды тынбай жей берсе ден соолукка зыян экенин белгилеген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, зыян делген эртең мененки тамакка тез даярдалган ботколор жана майдаланган акшактар (хлопья) кирет. "Боткодо углевод көп болгондуктан канда канттын деңгээли жогорулайт. Аны жегенден кийин курсак тез эле ача берет. Ачка болгондо адамдын уйкусу да келет", — деген адис.

Диетолог ачкарын жаңы сыгылган ширелерди ичүүдөн баш тартууну да сунуштаган. "Жаңы даярдалган ширени ашказанда эч нерсе жокто ичсе чындыгында кооптуу. Себеби анын курамында органикалык кычкылдар өтө көп", — деген Соломатина.

Адис жогоруда аталган азыктарды эртең менен бир-эки жолу колдонуу адамдын ден соолугуна анчалык терс таасирин тийгизбей турганын айткан. Бирок ботко, жаңы сыгылган ширени таңда жегенди адатка айлантпаш керек.


sputnik