Сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек болгон жөтөлдүн түрлөрү айтылды

1 марта 2021 Сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек болгон жөтөлдүн түрлөрү айтылды

Жөтөлдүн кайсы түрүндө дароо дарыгерге баруу керек экенин РИА Новости агенттигине врач-терапевт, пульмонолог Владимир Бекетов айтып берди.

Анын билдиришинче, дем алуу кыйындаса, какырык көп чыккан же көкүрөк кышылдаган жөтөл болсо ооруканага кечикпестен баруу керек.

"Жөтөл узакка созулуп, кыйынчылыктар менен коштолсо оору олуттуу экенин, тез арада чара көрүү зарылдыгын айтып турат", — деген Бекетов.

Мындан тышкары, кайсы бир оорунун фонунда жөнөл күчөсө же  2-3 жумага созулса, жөтөлгөн мезгилде дене табы көтөрүлсө дагы медициналык жардам алуу керек.


sputnik