300 эсе таттуу. Кумшекерди алмаштыруучу зыянсыз үч зат аталды

1 марта 2021 300 эсе таттуу. Кумшекерди алмаштыруучу зыянсыз үч зат аталды

Кумшекерди ден соолукка зыянын тийгизбегидей эмнелер менен алмаштырса болорун Sputnik радиосуна Москва мамлекеттик университетинин дарыгер-эндокринологу Зухра Павлова айтып берди.

"Канттын ордуна колдоно турчу зыяны жок, натыйжалуу үч нерсени айткым келет. Алар эритрит, стевия жана сукралоза. Үчүнчү азык коопсуз экени далилденгенден кийин кош бойлууларга, эмчектеги балдарга да колдонууга уруксат берилген. Сукралозанын дээрлик калориясы жок, ал канттын ордун жасалма алмаштыра турчу азык катары таанылган", — деген Павлова.

Ал эми стевиянын ачуу чөп даамданган жыты болгондуктан көбүнө жакпай турганын белгиледи.

"Буга байланыштуу стевияны кайра иштеп чыгышып, стевиозит деген жаңы аталыш менен чыгарышкан. Курамында химиялык кошулма жок, болгону ачуу даамын алып салышкан", — деп түшүндүргөн дарыгер.

Адис стевия кантка караганда 300 эсе таттуу экенин, бир стакан сууга же кофеге эки эле тамчысы жетиштүү болорун кошумчалаган.

Эритрит болсо канттын ордун алмаштырган жаңы азык болуп саналат.


sputnik