Организмде A витамининин жетишсиздигин толтура алган азыктар аталды

25 февраля 2021 Организмде A витамининин жетишсиздигин толтура алган азыктар аталды

Дарыгер жана алып баруучу Елена Малышева A витамининин жетишсиздигин толтура алган азыктарды атап бергенин РИА Новости жазды.

Малышева A витаминин треска балыгынын боорунан, кургак паприкадан, тоңдурулган петрушкадан жана сабизден алууга болорун билдирген. Бирок азыктардын суткалык нормасы 100 граммдан ашпашы керек.

"Дени соо адам ушунун бардыгын жей берсе болот. Кош бойлуу аялдар алгачкы үй айда тресканын боорун жана A витамини өтө көп азыктарды жебей эле койгону оң. Деги эле боюнда барлар витаминдер боюнча дарыгери менен кеңешиши керек", — деген Малышева.

Медик А витамининин чоңдорго, балдарга, аялдарга жана эркектерге карата өзүнчө микрограммдары бар экенин белгилеген.

"Бул витаминди көп колдонуу өмүргө коркунуч жаратат. Адатта А витаминин биологиялык активдүү кошулма (БАД) же дары түрүндө көп колдонгондо зыянын тийгизет. Анын айынан өпкө рагы пайда болуу коркунучу жаралат. Бөтөнчө тамеки чегип жүргөндөр витаминди ашепке ичүүдөн абайлашы керек", — деген дарыгер.

Малышева A витамини теринин жаңыланышына жана көздүн көрүүсүнө жардам берерин кошумчалаган.


sputnik