COVID жуктурган кош бойлуулар көбүнчө эрте көз жарат. Иликтөө

25 февраля 2021 COVID жуктурган кош бойлуулар көбүнчө эрте көз жарат. Иликтөө

Коронавирус аныкталган же жуктурду деп шектелген кош бойлуу аялдардын көбү эрте төрөп коюшат. Бул тууралуу "Известия" агенттиги лондондук окумуштууларга шилтеме берип жазды.

Адистердин иликтөөсүнө ылайык, Улуу Британияда коронавирус инфекциясы менен ооруган боюнда бар аялдардын 12 пайызы эрте көз жарган. Ал эми орто эсеп менен британиялык аялдардын 7,5 пайызынын наристеси ара төрөлгөн.

Ал эми Америкада COVID-19 жуктурган же шектелген келиндердин убагынан эрте төрөшү 15,7 пайызды түзгөн. Адис вирус жуктурган аялдардын баласы салмагы аз болуп же өлүү төрөлбөгөндүгүн белгилеген.


sputnik