Кургатылган жемиштер ден соолукка кооптуу экени аныкталды

17 февраля 2021 Кургатылган жемиштер ден соолукка кооптуу экени аныкталды

Кургатылган жемиштерди дайыма керектөө ден соолукка зыян тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу Harper's Bazaar басылмасы дарыгерлерге шилтеме жасап жазды.

Кургатылган жемиштерди жакшы сактоо жана сырты көрүнүшү үчүн сульфиттерди пайдаланышат, бул уулануу коркунучун арттырат.

Буга жол бербөө үчүн көрүнүшү анча эмес жемиштерди тандаган туура, себеби алар боёксуз болот дешет адистер.

Ошондой эле, алар кургатылган жемиштердин курамында канттын көптүгү жүрөк-кан тамыр оорулары менен салмактын көбөйүшүнө түрткү болорун атап өтүштү.

Кургатылган жемиштердин көгөрүп кетиши да ден соолукка кооптуу. Жемиш туура эмес сакталганда, жогорку нымдуулукта пайда болот.