...Саламатсыздарбы? Жакын арада чоң бир чечим кабыл алышым керек болуп жатат. Бир тууган, жакын санаалаштарга айтсам "өзүң чеч" деп коюшту.
40 жашымда күйөөдөн калдым. Жолдошум ооруп жүрүп каза болгон, бир уул, эки кызым бар. Кичүү балам тогуз жашта болчу. Кыздарым чоңоюп калган. Күйөөм каза болгон кезде айылдан шаарга көчүп келип там салып жатканбыз, бүтпөй калды.
Жолдошумду жоктоп бир жыл үйдө отурдум. Бирок шаар айыл эмес экен, балдарымдын баскан-турганы бүт акча болгондуктан, белди бекем бууп иштей баштадым. Кафе-ресторандарда идиш жуугуч болуп жүрүп, кийин администраторго чейин жеттим. "Балдарым эч нерседен кем болбосун" деп кошумча эки-үч жумушка чыгып, айтор, бардык күчүмдү жумшадым.
Тамды салып бүтүргөнгө бир туугандарым да жардамдашты. Ошентип жүрүп кантип 10 жыл өтүп кеткенин билбей калдым. Азыр 49дамын. Улуу кызым турмушка чыккан, жолдошу экөө Россияда иштейт. Экинчи кызым менен уулум студент. Азыр деле шаардагы тойканалардын биринде администратормун. Эки жылдан бери өзүмөн эки жаш улуу адам колумду сурап жүрөт. Анын да жубайы ооруп каза болуп калыптыр. Турмушка чыккан бир кызы бар экен.
Башында так секирип "болбойт" деп койгом. Бирок убакыт өткөн сайын анын жакшы адам экенине көзүм жетти. Оор басырыктуу, түшүнүктүү адам көрүнөт. Мурда мамлекеттик кызматта иштечү экен, азыр чакан бизнес менен алектенет.
Тиги кишинин колумду сурап жатканын кыздарыма айтсам каршы болушкан жок. Жакында эле уулума четин чыгардым. "Күйөөгө тийип кетсемби" деп тамашаламыш болуп койсом кызарып, жинденип кирди. Ошол бойдон унчуккан эмесмин. Өткөндө уулум экөөбүз жалгыз калганда да айттым, так секирип болбой койду. "Элдин, балдардын көзүн кантип карайбыз, карыганда жөн отуруңуз, сизди өзүм эле багып алам" деп караманча каршы болуп туруп алды. Эмне кылышты билбей жатам. Балдарымдын кашында жөн отурайын дейм, алар кийин өзүнчө бүлө куруп кеткенде жалгыз калуудан корком. Анын үстүнө колумду сураган адамды жактырам. А бирок ага тийсем уулум менден кол үзүп кетеби деп чочулайм. Жаш неме өзүн бир нерсе кылып салбасын деп да санааркачу болдум. Кандай кылсам туура болорун билбей башым катты...
Гүлнара Жасоолова, психолог:
— Биринчиден, 49-50 жаш дасыккан курак, аябай деле жашы өтүп улгайды дегенге кирбейт. Уулунун так секирип каршы болгонунун деле жөнү бар. Анткени апасы ага өмүрү "күйөөгө тием" деп айткан эмес. Биринчи укканда эркек бала, албетте, "макул" дебейт. Анын үстүнө азыр уулунун өткөөл курагы экен. Эгер кат жазган аял колун сураган эркекти чындап жактырып, аны менен бактылуу болоруна көзү жетсе, баласын көндүрсө болот. Акырындан жубатып, айтып түшүндүрө берсин. Уулун да түшүнүш керек. Себеби энеси дайыма жанында болгондуктан, аны башкага ыраа көрбөй, көнө албай жаткандыр. Жашы өткөн сайын ага да акыл-эс кирет.
Дагы бир кеңешим, бул аял колун сурап жаткан адам менен уулун тааныштырып көрсүн. Ал киши балага "апаңды сыйлап өтөм, жакшы көрөм" деп айтып, ынандырышы керек.
Баланы багып, чоңойтуу эненин милдети, бирок бакыт аны менен чектелбейт. Ар бир адам өз бактысы үчүн күрөшүү керек. Уулуңузга зыянын тийгизбей турмушка чыгайын десеңиз аны акырындык менен көндүрүңүз. Ага бир аз убакыт керек. Эгер таптакыр болбой жатса психолог менен сүйлөштүрүп көрүңүз.