Эркек киши короновирус жуктурган оорулуунун шилекейин сатып алып, башчысынын чайына аралаштырып берген

16 февраля 2021 Эркек киши короновирус жуктурган оорулуунун шилекейин сатып алып, башчысынын чайына аралаштырып берген

Түркияда автосалондун кызматкери COVID-19 жуктурган адамдан шилекей сатып алып, башчысынын чайына аралаштырып берген. Эми ал сот алдында жооп берет.

Автосалондун ээси Ибрагим Унверди кызматкериге автоунаа сатып алуу тууралуу мамиле жасоо үчүн 215 миң түрк лирасын берген. Бирок, кийинки күнү кызматкер чалып, акчаны насыясын төлөөгө жумшаганын айткан.

Унвердинин айтымында, башка жумушчулар буга чейин так кызматкер кожоюнун өлтүргүсү келгенин билдирген. Ал коронавирусту жуктурган кишиден 70 долларга шилекей кутусун сатып алып, башчысынын чайына билдирбей куюп койгон деген божомол бар.

Бирок, Унверди аны ичкен эмес, ошондуктан вирус жуккан эмес. Мындан улам кызматкер башчысын “атып салам” деп коркута баштаган. Ал тургай билдирүү жиберген.

“Мен сени вирус менен өлтүрө алган жокмун. Кийинки жолу башыңды атам”, - деп билдирүүдө жазылган.

Натыйжада автосалондун ээси полицияга кайрылып, жумушчу камакка алынган. Кызматкерге адам өлтүрүүгө шектелди деген айып тагылды.