Бир күндө канча чөйчөк кофе ичсе болот? Диетологдун кеңеш

15 февраля 2021 Бир күндө канча чөйчөк кофе ичсе болот? Диетологдун кеңеш

Дарыгер-гастроэнтеролог, диетолог Нурия Дианова күнүнө канча чөйчөк кофе ичсе ден соолукка залакасы тийбей турганын RT телеканалына маек берип жатып айтканын "Известия" басылмасы жазды.

Дарыгер кофе адамды өзүнө көз каранды кылып аларын эскертип, бара-бара ал нерв системасын жабырката турганын белгилеген.

"Ошондуктан күнүнө экиден ашык чөйчөк ичүүгө болбойт. Кофени тамак менен ичкен жакшы. Көпчүлүк үчүн таңды кофе менен баштоо адатка айланган. Эгер анын өзүн гана ичсе, анда ал ден соолукка залакасын тийгизип коюшу ыктымал. Кокус тамак менен толук кандуу кылып ичсе, анда ашказан-ичегилерге зыяны тийбейт", — деген диетолог.

Адистин айтымында, айрым учурда адамдарга кофеиндин өзү эмес, анын жыты жана даамы жетиштүү. Дианова кофенин данындагы компененттерден чыккан жыт адамды күчтөнтүп кое турганын кошумчалаган.

Адис экинчи чөйчөк кофени түшкү тамактан кийин ичүүнү сунуштаган. Аны ичкенден кийин суу ууртап коюш керек. Диетолог белгилегендей, кофени балдар менен кош бойлуу аялдар ичпеши керек. Эгер адамдын диабет же башка оорулары жок болсо, ошондой эле ашыкча салмак көйгөйү менен жабыркабаса, күнүнө бир чөйчөктөн кофе ичип койсо болорун адис кошумчалаган.


sputnik