Бишкектен барган таксист Москвадан Хабаровскиге 6 күн жүрүп, 250 миң рубль алды

15 февраля 2021 Бишкектен барган таксист Москвадан Хабаровскиге 6 күн жүрүп, 250 миң рубль алды

Россиялык ЖМКларда Москвадан Хабаровскиге чейинки сапары үчүн таксистке 250 миң рубль төлөгөн адамдын окуясы тарап жатат.

Маалыматка ылайык, москвалык киши учакка түшүүдөн коркуп, атайын такси буюртма кылган. Khabara.ru порталынын жазганына караганда рулда Бишкектен барган айдоочу болгон. Таксист жолдогу сезимдери менен соцтармак аркылуу бөлүшкөн.

Анын айтымында, жолго чыга турган киши алгач таксиге тиркеме аркылуу заказ кылган, бирок кийин аны жокко чыгарып, айдоочунун өзүнө 250 миң рубль төлөп берген.

Унаа ээси сапары учурунда көп нерсе билүүгө жетишкенин жазган. Канча жол жүргөнү айтылган эмес.

Хабаровскиге келгенден кийин дагы бир канча күн иштеп, кайра кетүү үчүн жүргүнчү издегени айтылат. Андан кийинки окуялар белгисиз бойдон калган.

Белгилей кетсек, Москвадан Хабаровскиге чейин 8 390 чакырымдык жол, бир жерден экинчи жерге алты күндө же 141 саатта жетүүгө болот.

sputnik