Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү соңку убакта мекендештер автоунаа сатып алууда алданып калуу фактысы менен көп кайрылып жатканын билдирет. Мындан улам өкүлчүлүк маанилүү кеңештерди сунуштады.
Алдамчылардын колунан өткөн машиналар уурдалган, кузовунун же кыймылдаткачынын номери өзгөртүлгөн жана юридикалык чектөөлөрү менен болушу мүмкүн.
Ошондуктан унаа сатып алууда төмөнкүлөрдү эске алуу сунушталат:
Сатуучунун өздүгүн ырастаган документин көрүп, автоунаанын ээси экенин далилдөө;
Унааны каттоодон чыгаруу үчүн сатуучу менен бирге Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына барып юридикалык жактан таза экенин текшертүү. Эгер унаа ээси текшерүүдөн баш тартса, шек жаралат.
Ал эми такси кызматтарында иштеген кыргызстандыктар бөлүп төлөө шарты менен унааны сатып алышары айтылат. Анда дагы келишимде жазылган пунктулардын баарын маани берип дыкат окуп чыгуу шарт. Себеби шалаакы мамиленин айынан алданып калышы толук ыктымал. Эгер орус тилинде жазылган келишимдин маанисин түшүнүү оорчулук жаратса, котормочу, юристтерге кайрылуу сунушталат.
Ошондой эле рулга отурар алдында юридикалык чектөөлөрүн жана айып пулдарын текшертип алуу зарыл.