14 февраля 2021
Эгер сырткы карызыбыздын айрымдарын төлөй албай калсак, бир топ объектилерибизден айрылабыз. Келишим шартына ушундайга макулбуз деп кол коюлган экен. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Өлкө башчысы мамлекеттик кызматта адвокатым, досум, тууганым деген принцип болбош керектигин белгилеген.
“Досум, тууганым деген принцип менен 30 жылдан бери жашап келип, мамлекетибиз жок болуп кетүү коркунучуна такалыптыр. Сырткы карызыбыз 5 миллиард долларга жакын. Айрымдарын өз убагында төлөй албай калсак бир топ объектилерибизден айрылабыз. Келишим шартына ушундайга макулбуз деп Атамбаев кол коюп койгон экен. Бирок, кудай буюрса, бардык карыздардан өз убагында кутулабыз. Пландар бар”, — деди Жапаров.