Окумуштуулар өлүм тобокелчилигин жогорулаткан азыкты аташты

12 февраля 2021 Окумуштуулар өлүм тобокелчилигин жогорулаткан азыкты аташты

Кытайдын окумуштуулары жумуртканы көп колдонуу өлүм тобокелчилигин жогорулатышы мүмкүн экенин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Билдирмеге караганда, илимпоздор 1990-жылдан берки сурамжылоонун жыйынтыгын анализдеп чыгышкан. Анда Американын 500 000 тургуну тамактануусу тууралуу айтып берген. Кийин алардын ичинен 129,3 миңи көз жумганы кабарланган. Адистердин маалыматында көз жумгандардын басымдуу бөлүгү жумуртканы көп жеген.

Маалым болгондой, аталган азыктын курамында май менен холестерин өтө көп. Булар инфаркт жана башка ооруларга алып келип, өлүм тобокелчилигин жогорулатышы ыктымал.

Мындан улам изилдөөнүн авторлору калкты жумуртканы көп колдонуудан баш тартууга чакырып кетишкен.

sputnik