Муфтийдин милдетин Жоробай ажы Шергазиев аткармай болду

12 февраля 2021 Муфтийдин милдетин Жоробай ажы Шергазиев аткармай болду

Жоробай ажы Шергазиев муфтийдин милдетин аткаруучу болду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим диний мекеменин уставына жараша кабыл алынган.

"Муфтияттын уставына ылайык, диний башкармалыктын башчысы кандайдыр бир себептер менен кызматынан кетсе, анын милдетин автоматтык түрдө орун басары аткарат деп белгиленген", — деди Атабаев.

Эскерте кетсек, 10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин эсепчисин кармаган. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган. Ушул эле күнү Максатбек Токтомушев дагы кармалган. Кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, тил кат менен бошоткон.

sputnik