12 февраля 2021
Досонов буга чейин издөөдө болчу. Анын жактоочусу кримтөбөл УКМКнын Оштогу бөлүмүнө өзү барганын 10-февраль күнү кабарлаган. Ага ылайык, атайын кызмат кримтөбөлдү бүгүн Бишкекке алып келген.
Буга чейин Досонов бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелип жаткан. Ал мындан башка да кылмыш иштерине шектүү катары ордо калаага алып келингени айтылды.
Кримтөбөл Жазык кодексинин 98-беренеси боюнча УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Досонов буга чейин издөөдө болчу. Анын жактоочусу кримтөбөл УКМКнын Оштогу бөлүмүнө өзү барганын 10-февраль күнү кабарлаган.