Грузияда президент резервдик фонддон ажыратылат

4 декабря 2018 Грузияда президент резервдик фонддон ажыратылат

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун грузин кызматы кабарлагандай, келерки жылы президенттик администрацияны каржылоо 3,8 миллион лариге (1,4 миллион доллардан ашуун) кыскартылып, алты миллион лариге (2,2 миллион доллардан ашуун) түшөт. Мындан сырткары, президенттик фонд толугу менен жоюлат. Бул тууралуу Грузиянын 2019-жылга карата бюджетинин парламентке келип түшкөн акыркы долбоорунда айтылган.

Бюджеттин мурдагы долбоорлорунда президенттик администрациянын 2019-жылдагы чыгымы 9,8 миллион лари (3,6 миллион доллардан ашуун) деп эсептелген. Ага чейин президенттин фондуна беш миллион лари (1,9 миллион доллар) бөлүү каралган.

Келерки жылы Грузияда президенттик администрациянын кызматкерлери азайтылып, 140тан 60ка түшө турган да болду.

Грузияда быйыл 28-ноябрда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөн. Анда БШКнын расмий эсеби боюнча бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы колдогон талапкер Саломе Зурабишвили добуштардын 59,52% алуу менен жеңишке жетишти. Оппозиция талапкери Григол Вашадзе добуштардын 40,48% ээ болду. Өткөн аптанын соңунда борбор Тбилисиде шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын демонстрациясы өттү. (UE)

 

Булак: azattyk.org, фото - azattyk.org