Этек кири келген учурда бул белгилер КОРКУНУЧТУУ деп эсептелет!

10 февраля 2021 Этек кири келген учурда бул белгилер КОРКУНУЧТУУ деп эсептелет!

Этек кири менен бирге аялга сулуулук, күйөө, бала келет. Ал өзүнө өзгөчө кам көрүп, көңүл бөлгөндү жакшы көрөт. Ал эми ал токтогон учурда аял назиктигинен да, балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн да ажырайт. Сиз үчүн бул кадимки көрүнүшпү? Муну билүү үчүн календарды кароо керек.

Эркектерде жок аялдардагы назиктик, сулуулук, кош бойлуулук этек кири менен тыгыз байланышта. Ал кыздын организминин жазы башталар кезде “келип”, күзү башталарда “кетет”.

Ал канча жаштан башталышы керек?

Жалпысынан этек кири - бул жатындын ички эндометрий кабыгынын жаңылануу процесси. Медицина адистеринин айтымында, ал жаңыланган сайын аялдын бүт денеси калыбына келип, жашарып турат. Этек кири - жыныс мүчөсүнүн жетилгендигин билдирет. Дени сак аялда климакстык мезгилге чейин ай сайын туруктуу келип турушу керек. Ар бир адамдын организминин өзгөчөлүгүнө жараша 10-14 жашында башталып, 50-55 жашында аяктайт. Бирок, ал эрте же кеч келсе, ага көңүл бурбай коюуга болбойт. Мындай учурда сөзсүз түрдө врачка көрүнүү керек.

Эгер 10 жашка чейин келсе, же 17 жашка чейин келбесе...

Америкалык изилдөөчүлөрдүн айтымында, айызы 10 жашка чейин жана 17 жаштан кийин келе баштаган аялдар жүрөк-кан тамыр ооруларына, инсультка жана кан басымдын жогорулоосуна көбүрөөк кабылышат. Ошондой эле, айыздын эрте жана кеч башталуусу кызда эмчек, жыныс жана башка гормоналдык бузулуулар бар экенинен кабар берет.

Ошондуктан, эгер кыздын 10 жашка чейин этек кир келип, же 17 жашка чейин келбесе, анда ата-энеси дарыгерге кайрылып, керектүү кеңештерди алганы оң. Кадимки айыз цикли ар бир адамдын организминин абалына жараша ар кандай мезгилдерди камтыйт. Айрым аялдардын этек кири 21 күндө, башкалары 28 күндө келет. Интервалы аз же көп болсо, анда ал кооптуу болушу мүмкүнбү?

21 күндөн аз, 35 күндөн ашык...

Этек киринин циклинин мезгили - келген күндүн биринчи күнү менен кийинки айдын акыркы күнүнүн ортосундагы мезгил. Мисалы, октябрь айындагы этек кирдин биринчи күнү менен ноябрь айындагы этек кир циклинин аяктаган мезгилинин ортосундагы мезгил. Бул интервал болжол менен 28 күн болушу керек. Бирок, бул көрсөткүч аялдын организминдеги айрым өзгөрүүлөргө, атап айтканда, психикалык жана физикалык таасирлерге байланыштуу ар кандай болушу мүмкүн. Башкача айтканда, этек киринин циклинде өзгөрүү болушу мүмкүн. Мисалы, мурунку айда 21 күндөн кийин, 33 күндөн кийин келген болсо, бул дагы кадыресе көрүнүш. Бирок, кандай болгон күндө дагы, этек киринин цикли 21 күндөн кем эмес, 35 күндөн ашпашы керек. Эгер сиздин айыз циклиңиз ушундан аз же көп болсо, анда гинекологго кайрылыңыз!

Төшөмөнү 1-2 саат сайын алмаштырып турсаңыз...

Сизде этек кирдин келүү мөөнөтү нормалдуу дейли, ал эми кындан бөлүнгөн кандын өлчөмү нормалдуубу? Буга көңүл буруу дагы маанилүү. Ал кандай өлчөмдө болушу керек? Бул ар кимде ар башка, так айтуу мүмкүн эмес. Бирок, адистердин айтымында, эгерде сиз төшөмөнү 1 же 2 саат сайын алмаштырып турсаңыз, анда бул “гинекологго текшерилип көрүңүз” деген эскертүү. Түнкүсүн ашыкча кан агымы аныкталышы мүмкүн. Түнкүсүн төшөмөңүздү алмаштыргандан кийин таңга чейин тынч уктайсызбы? Түн ортосунда төшөмөнү алмаштырууга туура келсе, демек ден соолугуңузда көйгөй бар. Таң атары менен дарыгерге шашылыңыз!

Канча күнгө чейин келиши керек?

Адистердин айтымында, дени сак аялда этек кир 3-7 күнгө жетиши керек. Ал эми 3 күндөн аз болсо, анда бул гормоналдык оору же олигоменорея, ал эми 10 күндөн ашык болсо, анда бул жатында эттин өсүшү же полип, миома жана рактын пайда болушун билдириши мүмкүн. Бул өтө кооптуу. Ошондой эле, этек киринин оорутуп келишине да кайдыгер карабаңыз, ал – алгодисменорея деп аталган оорудан кабар берет.

Кайсы белгилер нормалдуу болуп эсептелинет?

Табиттин, эмоционалдык сезимталдыктын жогорулашы, маанайдын жоктугу, белдин, баштын оорушу, бет терисинин кызаруусу, уйкусуздук, ичтин көбүүсү, дененин жана бут менен колдун шишиши кадимки нерсе болуп саналат. Ушул аталган кадимки көрүнүштөрдөн башкасынын баары – организмиңиздин “дарыгерге текшерил” деген коңгуроосу. Сиздин денеңизде тил жок болгондуктан, белгилүү бир оорунун башталгандыгын этек кири учурунда “коңгуроо менен” билдирет. Коңгуроону угуңуз, анткени айыздын бузулушу, айыз циклиндеги өзгөрүүлөр гинекологиялык гана эмес, эндокринологиялык, неврологиялык, ал тургай онкологиялык оорулардын белгиси болушу мүмкүн.