Балбак Түлөбаев: башында сүйлөшкөнбүз, менин миссиям бүттү

9 февраля 2021 Балбак Түлөбаев: башында сүйлөшкөнбүз, менин миссиям бүттү

Мэрлик кызматтан кетип жаткан Балбак Түлөбаев маалымат жыйын өткөрүп, миссиясы бүткөнүн билдирди.

Ал өз эрки менен кызматтан кетүүгө арыз жазганын, кимдир бирөөнүн басымы болбогонун белгиледи.

"Мен кечээ премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугуп арызымды бердим. Мен мурда эле мэрди шайлоого катышпайм деп айткам. Башында эле президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен сүйлөшүп, шаардагы кырдаалды иретке келтирүү үчүн бул кызматка келгем. Менин миссиям бүттү деп эсептейм", — деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал учурда ооруп жатканын, кызматтан кеткенден кийин бир аз жатып эс ала турганын кошумчалады.


sputnik