Бишкекте уруксатсыз үй куруп жүргөн компаниянын курулуш иштери токтотулду

9 февраля 2021 Бишкекте уруксатсыз үй куруп жүргөн компаниянын курулуш иштери токтотулду

Бишкекте үйлөрдү мыйзамсыз куруп жүргөн компаниянын коррупциялык схемалары боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

УКМК буга чейин шаар курууга тийиштүү жана уруксат берүүчү документтерсиз көп кабаттуу үйлөрдү куруу фактысы аныкталганын белгилеген.

"Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жана курулуш компаниянын өкүлдөрүнө укуктук баа берилет. Мыйзамсыз тургузулган объектилер инженердик коммуникациядан ажыратылып, курулуш иштери токтотулган", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын аймагына мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузуу, мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компаниялардын лицензияларын жокко чыгаруу боюнча сот иштери башталганы кошумчаланды.


sputnik