Төшөк оюндарын каалабай калдыңбы? Анда дарыгерге кайрылууга 6 себеп бар

9 февраля 2021 Төшөк оюндарын каалабай калдыңбы? Анда дарыгерге кайрылууга 6 себеп бар

Баары эле суткасына 24 саат бою кошула берүүнү каалабайт – бул чындык. Эгер такыр эле жыныстык катнашка көңүл чаппай калса, анда түрдүү оорулардын белгиси болушу мүмкүн.

1. Секске көңүл жок, бирок анын себебин билбейсиң

Эгер башынан эл каалабасаң – башка кеп. Бирок, эгер кокустан эле каалоо жоголуп кетсе, ага эч кандай себеп болбосо, дарыгерге кайрыл. Анын себеби психологиялык бузулуу, калкан безинин оорусу, шишик, чарчоо, стресс, депрессия жана башкалар болушу мүмкүн. Көбүнчө бир нече фактор себеп болот жана алардын ар бири менен иштөө керек.

2. Өзүңө өзүң ыраазы болбойсуң

Эгер өзүңө өзүң ыраазы болбосоң, дарыгерге кайрыл. Каалоонун төмөн болушу бакыттын деңгээлин төмөндөтүп, стресс кошот.

3. Секс ооруксунтуу менен коштолсо...

Эгер андай болсо, аны жоюуга аракет кылуу керек. Дарыланууга туура келет. Анткени, ооруксунуу эндометриоз же кистадан улам пайда болот.

4. Дары ичип жатасыңбы?

Айрым дарылар жыныстык каалоого таасир этет, мисалы антидепрессанттар, гормондук дарылар, антибиотиктер. Эгер булар секске өз таасирин тийгизип жатса, дагерден консультация алуу керек.

5. Гормонуңду башкара албай калганыңды сезгенде...

Так ушул гормондор сексуалдык каалоодо чоң роль ойношот. Эгер төрөттөн кийин каалоо төмөндөп кетсе, бул кадимки көрөнүш. Бирок, эгер бир-эки жылда да калыбына келбесе, анын себебин дарыгерге кайрылып билүү абзел.

6. Сага интимдик жашоо жакпайт

И это главный фактор в пользу проверки! Секс должен радовать, а не быть наказанием или предметом торга. Дарыгердин текшерүүсүнөн өтүү үчүн бул негизги себеп боло алат. Секс кубаныч тартуулаш керек. Эч убакта жазалап же соодалашып жыныстык катнашка барбаш керек.