Дайыма чарчап жүрөсүзбү? Невролог абалдан чыгуунун жолун айтты

9 февраля 2021 Дайыма чарчап жүрөсүзбү? Невролог абалдан чыгуунун жолун айтты

Адис жаратылышка чыгып, эмгек өргүү учурунда саякаттоо дагы адамдын өз калыбына келүүсүнө жакшы жардам берерин белгилеген.

Россияда жогорку категориядагы дарыгер, невролог Инесса Колчу aif.ru сайтына маек берип жатып, өнөкөткө айланып калган чарчаңкы абалдан чыгуунун жолдорун айтып берди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Адис белгилегендей, чарчап-чаалыккан абал өнөкөткө айланып калганда дары-дармекти дарыгер жазып берген учурда гана колдонуу керек. Кадимки, дени сак абалга кайтуу үчүн башка ыкмаларды деле колдонсо болот.

"Абалды жөнгө салуу үчүн жумуштан кийин эс алууга көбүрөөк убакыт калтыруу керек. Дем алыш күндөрдү да унутуп калбаңыз. Жумуш учурунда 1-1,5 саат сайын бир аздан тыныгуу жасап турган жакшы. Эгер адам отуруп же мээге күч келген жумушта иштесе, эс алуу учурунда дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганы оң", — деди невролог.

Адис жаратылышка чыгып, эмгек өргүү учурунда саякаттоо дагы күчтү кайра калыбына келтирүүгө жакшы жардам берерин белгилеген. Ал спорт менен машыгуу да абдан пайдалуу экенин айтып, айрыкча адам өзүнө жаккан спорттун түрү менен алектенген учурда көп күч-кубат аларын кошумчалаган.

"Дайыма чарчап жүрсөңүз тамак рационуңузду дагы өзгөртүп, жашылча-жемишти көп жеш керек. Уйку кандыруу да маанилүү. Чоң киши сегиз сааттан кем уктабай, 23:00гө чейин жатып эс алганы туура", — деп сунуштаган адис.

Чарчоо өнөкөткө айланып калган учурда дарыгер колдон келишинче маанайды көтөрүүнү сунуштайт. Мисалы, балдары менен убакыт өткөрүп, театрга барып, теңтуштар менен кече өткөрүп же жакшы көргөн китебин окушу керек. Витаминдер да жардам берет, бирок аларды туура тандоо үчүн дарыгерден кеңеш алуу керектиги кошумчаланды.

sputnik