Кыргыз-өзбек киночулары жараткан "Делбирим" тасмасы 5-декабрдан тарта коомчулукка тартууланат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы башкы каарман Аселдин образын жараткан Мадина Талипбек менен эксклюзивдүү маек курду.
"Өзбек актерлору чынында профессионал экен, алар менен бирге роль ойноо жагымдуу болду. Мен эми турмуш курууга чоң жоопкерчилик менен карайм. Жигит жандап же турмушка чыгуу жакынкы планда жок, азырынча чыгармачылык менен гана иштейм". Актриса кино жөнүндө дагы эмнелерди айтканын төмөнкү маектен сунуштайбыз.
— Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повестинин негизинде кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан тасмада сизге башкы ролду жаратуу мүмкүнчүлүгү кантип түзүлдү? Кимден сунуш түштү же кастинг кандай өттү?
— Биринчи кастингге бир топ актерлорду чакырып, сүрөткө тартышкан. Алардын арасынан эки кыз тандалып видео аркылуу сынактан өттүк. Анда тасманын эң эле эмоционалдуу бөлүгүн аткардык. Ага чейин бир нече эл аралык долбоорлорго катышкам. Бирок бул кастингдин жообун күткөндөй эч күткөн эмесмин. Абдан толкунданып жаттым. Бир күнү телефон чалып эки өлкөнүн көркөм кеңеши Аселдин ролуна мени жактырганын айтышты. Эми сүйүнгөнүмдү айтпаңыз!
— Негизи мурда "Делбирим" повестин окудуңуз беле?
— Албетте! Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын ичинен "Кызыл жоолук жалжалым" мага өзгөчө жакчу. Биринчи ушул повестти окуп, андан кийин Айтматов ааламына кызыгуум күч алып, калган чыгармаларын да окуп баштадым. Сүйгөн китебим десем да болот.
— Аселдин образын ачып берүүгө даяр белеңиз, ийине жеткире аткара аларыңызга ишендиңизби?
— Мен 15 жашымда Кыргыз-түрк "Манас" университетинин актердук чеберчилик бөлүмүнө тапшырып жатканда "Кызыл жоолук жалжалым" дагы бир ирет тартылса, Аселдин ролун мен ойносом кандай сонун болмок эле деп кыялданып койгом. Элестетсеңиз, ошол кыялым 10 жылдан кийин орундалып жатпайбы. Менин оюмча жеңил роль такыр болбойт. Ар бир ролдун өзүнө жараша түйшүгү бар. Мурда аткарган ролдорумдан бөлүп айта албайм, бир гана көптөн бери самаган образды жаратканымды белгилегим келет. Кастингден өткөндөн кийин чыгарманы дагы бир жолу окуп чыктым. Сценарийди да кайра-кайра окуп, ар тараптан анализ жасадым. "Делбиримдин" мурда тартылган тасмаларын көрүүдөн баш тарттым. Себеби ошол Аселди туурап калышым мүмкүн эле, мен өзүмдүн образымды жаратайын дедим.
— Иш жүзүнө келгенде эмнени көрө алдыңыз, кыйынчылыктар көп болгон жокпу?
— Мен бул ролду аткарууга ынтызар болуп жүргөм да, андыктан баарына даяр элем. Ошол эле учурда чоң жоопкерчиликти мойнума алганымды сезип турдум. Топтогон тажрыйбамды колдонуп, берилүү менен аткардым.
— Өзбекстандын киночулары, актерлору менен иштешүү кандай болду? Бат эле тил табыштыңарбы?
— Аябай кызыктуу өттү. Командага жалаң кесипкөйлөр чогулган экен. Өз ишиң мыкты билген адамдар менен иштөө жеңил болот. Адиз байке, Улугбек байке Өзбекстандын белгилүү актерлору, ошол эле учурда профессионал, кең пейил адамдар. Алар менен роль жаратуу да, кадрдан сырткары сүйлөшүү да мен үчүн жагымдуу болду. Бири-бирибизди түшүнүп, бат эле тил табышып кеттик. Сен да, өнөктөшүң да жан дили менен берилип ойноп жатса, жакшы жыйынтык чыгат да. Кинону өзүм да көрө элекмин. Ташкентте премьерага бара албай калдым. Ал жактан жакшы пикирлерди айтышууда. Instagram баракчама өзбекстандыктар катталып, кат жаза башташты.
— Ушул тасма аркылуу өзүңүзгө эмне ала алдыңыз?
— Мен азыр турмушка чыга элекмин. Ошого байланыштуу өмүрлүк жарыңды тандоо канчалык маанилүү экенин түшүндүм. Ар бир ташталган кадам, ар бир тандоо жашообузду өзгөртүп коёт экен. Эми турмуш курууга чоң жоопкерчилик менен карайм. Анткени кийин ошол тандоо менен жашайт экенбиз.
— Келиңиз эми элестетип көрөлү, чыныгы жашоодо сиз Аселдин ордунда болгондо эмне кылмаксыз?
— Асел айылда жашаган секелек кыз. Тунук махабатка ишенип, жан дүйнөсү менен берилип сүйгөн. Ал Илиясты жолуктурганда өмүрүндөгү таза жана чыныгы сүйүүсүн тапканына ишенген. Аны ата-энеси кечирбей турганын билсе да, Илиястын колун кармап качып кетти. Менин оюмча, азыр деле кыздар ошондой сүйүүгө кабылса, Аселдин жолун тандаса керек. Доор алмашканы менен сүйүү ошол бойдон кала берет. Бирок Илияс эң эле кечирилгис иш жасап койду. Анткени ишеним өтө назик нерсе, аны жоготуп алсаң кайра табуу кыйын.
Ал эми Байтемир башында ага таянып, ишене турган чыныгы эркек катары өзүн көрсөттү. Бир чети Аселдин бараар жери жок болчу. Анан кийинки келечегин Байтемирден көрө алды. Башыма түшсө, мен деле ушундай кадамга барсам керек эле.
— Тасма Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддору Кыргызстандын Балыкчы шаарында, Ысык-Көлдүн жээгинде экрандаштырылды. Тартуу учурунан эмнелер эсиңизде калды?
— Өзбекстанга биринчи жолу бардым, эли абдан меймандос, ак пейил экен. Албетте, даамдуу тамактарын айтпай коё албайбыз. Жайында тарттык, күн 43 градус ысык, тегерек четибизге тонналаган туз төгүлгөн. Биз кыш мезгилин көрсөтүп калың байпак, күрмөлөрдү кийип алып ойноп жатабыз. Анысы аз келгенсип, жылынуу үчүн от жаккан эпизодду аткардык. Аябай ысып, тердегенибизди көпкө чейин унутпайм го.
Наманганда чек арага жакын жердеги тоодон тарттык да. Кызыгы, эки-үч кадам ары барсаң Кыргызстан экен. Продюсер Паризат эже экөөбүз жүргөнбүз. Бизди "Чарчасаңар ары өтүп Кыргызстандын абасынан дем алып келгиле" деп тамашалап жатышты. Чек арачылар жүргөнү менен атайын тосулган эмес. Мен үчүн күлкүлүү окуя болду.
Анан Ысык-Көлдө тартып жатканда чиркейлер аябай кыйнады. Илияс өзү менен кетүүгө ынандырып жаткан жеринде терезени ачсаң эле чиркей каптайт, жадакалса оозуңа кирип кетет. Артыбыздан жарык берүүчү приборлорго да жабышып айлабызды кетирди. Илияс экөөбүз пирсте бири-бирибизге эркелеп, жай отурган образды жаратыш керек болгон, ошондо да чиркейлер жаныбызды койбоду.
— Мурда социалдык тармакта "Эмнеге Кыргызстандан кыздар, Өзбекстандан жигиттер тандалып калды?" деген кызганыч тариздеги кептер айтылды эле. Муну сиз кандай кабыл алдыңыз?
— Мындай реакцияга түшүнө албадым. Мен буга чейин Казакстан, Россия менен эл аралык долбоорлордо иштегем. Каармандар кайсы өлкөдөн тандалганына эмес, алар ролду канчалык ийине жеткире аткарганына маани берүү керек. Негативдүү ойдо жүргөндөр кинону көргөндөн кийин биз эмнеге чогулганыбызды түшүнөт деп ойлойм. Тасма кыргыз, өзбек, орус тилдеринде чыгат. Айтматовду Кыргызстандыкы дебешибиз керек, анын чыгармалары эчак эле аалам аралап кеткен. Мен мындай бөлүп карагандарды биринчи жолу көрүп жатам. Искусствонун чеги жок. Канчалык канаты кенен жайылса, ошончо жакшы.
— Буга чейин кандай тасмаларга тартылгансыз, чыгармачылык жолуңуз тууралуу учкай айтып берсеңиз?
— Кыргыз-түрк "Манас" университетин бүтүргөм. Түркияга барып да билимимди жогорулатып келдим. Учурда Кыргыз улуттук академиялык драма театры жана Орус драма театрында иштейм. Ыраматылык Марат Козукеев агайым болчу. "Коркут ата", "Саманчынын жолу", "Томирис" спектаклдеринде ойнодум. Учурда "Кылым карытар бир күн" спектаклин коюп жатабыз. Кино жаатында Казакстандын киночуларынын чакыруусу менен "Таиланддагы каникул", "Чатырдагы булут" ("Облако на крыше") жана башка сериалдарга тартылгам. Кыргызстанда "Дарак ыры", "Махабат", "Кокуй кошуна" "Багар" тасмаларында роль жараттым. Чет өлкөдөн ар кандай сунуштар түшкөн, ойлонуп жатам. Анан чет өлкөгө чыгып дагы кино жаатында билимимди жогорулатуу планым бар.
— Чыгармачылык менен катуу алпурушуп жатканыңыз байкалып турат. Жеке жашоого да көңүл бурасызбы?
— Азыр мен убактымдын көбүн чыгармачылыгыма жумшайм. Мындай тыгыз график менен иштеп жатып башка нерсеге көңүл буруу оорураак болот экен.
— Деген менен ар бир кыз сүйүктүү жар, мээримдүү эне болгусу келет да. Турмуш курууну качанкыга пландагансыз?
— Азырынча ал нерсе планда жок. Бардык нерсенин өзүнүн убагы болот. Азыр ошол учур келе элек деп ойлойм.
— Демек азыр жигиттер сиз менен мамиле курам деп убара болбой эле коюшу керек экен да.
— Эми… Бул жигиттерден көз каранды го…
Дагы: sputnik.kg, фото - © Фото / Нурмухамед Абдыкалык уулу, автор - Эламан Карымшаков