Кыздар апасынын кийимин кийсе болбойт. Анын себеби бар

8 февраля 2021 Кыздар апасынын кийимин кийсе болбойт. Анын себеби бар

Ар бир кыз эс тарткандан баштап апасына окошокусу келип, аны туурай баштайт. Мунун себеби бар, бирөөлөрү энесинин жыты сиңген кийимдерди кийгиси келсе, экинчилери куурчактарына чоң болгусу келет, дагы башкалары жөн гана кызыкканы үчүн. Муну бардык кызы бар эне башынан өткөрөт, болгону убагында көз салы туруу керек. Анткени, кыз энесинин узун көйнөгүн кийсе чалынышы, бут кийимин кийсе, бутун кайрып алышы мүмкүн.

Ал эми бала чоңойгон сайын энесиинин кийимин кийгенди токтошу керек. Мунун бир нече себеби бар.

Биринчиден, ар бир буюм ээсинин энергетикасын сактап калат. Мисалы, коркуу сезимин, көйгөйлөрүн, оорусун алып жүрүшү мүмкүн. Ал эми эзотериктер кийим аркылуу кызына энесинин тагдыры эле эмес, мүнөзү дагы берилет дешет.

Экинчиден, гигиена. Канчалык кийимди таза жууган менен, баары бир атырдын, тердин жыты сиңип калат. Мисалы, колтуктагы жагымсыз жыт кызына жугуп калат. Деген менен, медицина адистери хлор менен үч ирет жуулган кийимде бактериялар калбайт деп айтышат.

Үчүнчүдөн, бирөөнүн кийими чак келбейт. Ыңгайсыздык жаратат. Энесинин буюмун пайдалангысы келген кыздар кийимин эмес, сөйкө, мончок-шуруларын тагынса болот.

Баланы мындай адаттан арылтуу үчүн аны башка нерсеге кызыктырып, алаксытуу керек. Эгер такыр болбосо, анда так ошондой кездемеден кызга ылайыктап тигип кийгизип косо болот. Негизи баланын ою менен эсептешкен туура. Жаңы кийим алып бергенде анын жарашканын айтып, көбүрөөк макташ керек.