"Алтын топтун" жаңы ээси табылды. Роналду менен Месси ээрден оодубу?

4 декабря 2018 "Алтын топтун" жаңы ээси табылды. Роналду менен Месси ээрден оодубу?

Бул 33 жаштагы футболчунун карьерасындагы алгачкы "Алтын топ".

Хорватиялык футболчу, "Реал Мадрид" клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич биринчи жолу "Алтын топ" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралууР-Спорт жазды. 

Сыйлыкты француздардын "France Football" журналы жылдын мыкты оюнчусуна ыйгарат.

Модрич бул жылы "Реал" менен Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болуп, өз өлкөсүнүн курамында Дүйнө чемпионатынын финалына чейин жеткен.

Бул сыйлыкты 11 жылдан бери Аргентина курамасынын форварды Лионель Месси менен португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду эч кимге бербей келишкен.

"Мен бактылуумун. Бала кезден эле чоң клубда ойноп, көп сыйлыктарды алгым келчү. Ал эми "Алтын топ" мен үчүн жөн гана сыйлык эмес. Абдан сыймыктанып жатам", — деди футболчу.

Аталган сыйлыкка көрсөтүлгөн 30 футболчунун ичинен 10 мыктынын катарына киргендер:

— Лука Модрич, "Реал";
— Криштиану Роналду, "Реал"/"Ювентус";
— Антуан Гризманн, "Атлетико";
— Килиан Мбаппе, "Пари Сен-Жермен";
— Лионель Месси, "Барселона";
— Мохамед Салах, "Ливерпуль";
— Рафаэль Варан, "Реал";
— Эден Азар, "Челси";
— Кевин де Брюйне, "Манчестер Сити";
— Харри Кейн, "Тоттенхэм".

"Алтын топ" France Football журналы тарабынан 1956-жылы негизделген.



Дагы: sputnik.kg, фото - © AFP 2018 / FABRICE COFFRINI