Дүйнөдө биринчи жолу: 23 жаштагы жигиттин бети, 2 колунун манжалары алмаштырылды

5 февраля 2021 Дүйнөдө биринчи жолу: 23 жаштагы жигиттин бети, 2 колунун манжалары алмаштырылды

Нью-Йоркто адамдын бетин жана эки колун алмаштыруу боюнча дүйнөдөгү алгачкы операция жасалды. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, операция ийгиликтүү аяктаган.

Мурунку жылдын август айында 22 жаштагы Джо Димео операция столунда 23 саат бою жаткан. Аны менен 140 медицина кызматкеринен турган чоң команда иштеди.

Димео 2018-жылы түнкү нөөмөттөн кийин үйүнө унаасы менен кайтып бара жатканда уктап кеткен. Анын унаасы жол кырсыкка кабылып, андан кийин күйүп кеткен. Мунун кесепетинен айдоочунун денеси дээрлик 80% күйгөн. ВВС жарыялаган маалымат боюнча, Димеонун эки колунун манжалары кесилип, ээрини, кашынан ажырап, бет түзүлүшү такыр башка абалга өзгөргөн.

Мындан кийин бейтап күйүк бөлүмүндө 4 ай бою дарыланып, ал аралыкта жасалма комада жатты. Ага 20дан ашык операця жасалганы менен колу, бети калыбына келген эмес.

Дарыгерлер Жонун колу менен бетин калыбына келтирип, мүчөлөрү идеалдуу иштесе деп максат кылышкан. Ал эми бейтап өзү донордун үй-бүлөсүнө ыраазычылыгын айтты.

Бул чоң операциядан кийин Джо Димео 45 күн интенсивдүү терапия бөлүмүндө, дагы 2 ай ооруканада жаткан. Баарын башынан баштаган жигит учурда өз алдынча кыймылдап калды.

Дарыгер Родригес Жо Димео күн сайын 5 саат бою физиотерапия менен алектенип жатканын айтып, аны эң тырышчаак бейтап деп белгилеген.

Бул адамдын бетин жана эки колунун манжаларын алмаштыруу боюнча ийгиликтүү аяктаган алгачкы операция болду. Буга чейин дарыгерлердин эки жолку аракети ийгиликсиз аяктаган болчу. Бейтаптардын бири көз жумса, экинчи бейтаптын жаңы колу кыймылга келбегендиктен кайрадан кесилген.

nazarnews