Кыргызстан "Бизнес жүргүзүү" рейтингинде позициясын жакшыртты

4 декабря 2018 Кыргызстан "Бизнес жүргүзүү" рейтингинде позициясын жакшыртты

Өкмөттүн алдына 2023-жылга карата "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кирүү милдети коюлган.

Кыргызстан "Бизнес жүргүзүү" (Doing Business) эл аралык рейтингиндеги позициясын жакшыртты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Билдирмеге караганда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн бизнес жаатындагы рейтингин жакшыртуу боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн. Анын жүрүшүндө экономика министри Олег Панкратов Дүйнөлүк банктын отчетуна ылайык, төлөм жөндөмсүздүгүн чечүү, эл аралык соода, миноритардык инвесторлорду коргоо, келишимдерди аткарууну камсыздоо сыяктуу айрым индикаторлор боюнча өлкө өз позициясын жакшыртууга жетишкенин айтты.

Ушул жагдайлардан улам Кыргызстан "Бизнес жүргүзүү" рейтингинде 77-орундан 70-орунга көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк жаралган.

"Анткен менен айрым министрлик жана ведомстволор тарабынан "Бизнес жүргүзүү" рейтингинин алкагындагы иш-чаралар планын аткаруу боюнча жетишсиз чаралар кабыл алынууда, буга байланыштуу өлкөнүн калган индикаторлор боюнча позициялары мурдагы деңгээлде калып же начарлоодо", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр өкмөткө 2023-жылга карата "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кирүү милдети коюлганын эскертип өттү.



Дагы: sputnik.kg, фото - © Sputnik / Табылды Кадырбеков