Онколог рак оорусун чакырган кийимди атады

3 февраля 2021 Онколог рак оорусун чакырган кийимди атады

Орусиялык химиотерапевт Андрей Базылек рак оорусунун пайда кылган кийимди атады.

Дарыгердин айтымында, полиэстер сыяктуу синтетикалык кездемеден жасалган кийимдер залалдуу шишик оорусун пайда кылат.

«Адатта, бул материалды жасоо учурунда ага ар түрдүү заттар кошулат: формальдегид, аммиак, тефлон, фталаттар. Бул заттардын бары дем алуу органынын ооруларын пайда кылышы мүмкүн жана абдан оор канцерогендер”, - деп түшүндүрдү онколог.

Дарыгер азыркы учурда синтетикалык материалдар ракты пайда кылары тууралуу илимий далилдер жок деп кошумчалады. Буга карабастан, Базылев табигый эмес кездемелер менен көпкө чейин байланышта болбоону сунуштады, мындан тышкары синтетикалык шейшептерден баш тартууга кеңеш берди.