Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган клипке тартылып калган 55 жаштагы Кайыпбай Токтогуловду таап, чакан маек курган.
Отуз үч жыл мурда тартылган клип учурда 33 миллион жолу көрүлгөн
— 1988-жылдары Россиянын Ленинград шаарында окучумун. Ошол кезде Киров атындагы токой-техникасы академиясынын 4-курсунун студенти элем. Көбүнчө майрамдарда калпак кийип, көчөдө кыргыздын улуттук баш кийими менен кенен-кесир жүрчүбүз. Жердештер болсо жылуу учурашып, чет мамлекеттен келген туристтер кызыгып сүрөткө түшүшчү. Анан эле бир жолу Scorpions рок-тобунун клибин тартып жүргөн операторлор көчөдөн көрүп калышкан окшойт, мага атайын кайрылып бир эпизодго түшүп берүүмдү суранышты. Ошентип, таанышып, кыргыздын улуттук баш кийимине кызыгып тартып кетишкен. Негизи улуттук кийимдерибизге ошол убакта эле башкалар аябай кызыкчу.
— Өзүңүз клипти качан көрдүңүз?
— Мындан 3-4 жыл мурун интернеттен көргөм. Бирок ал убакта эл деле мынчалык маани берген эмес. Азыр клиптеги ак калпакчан адамга көңүл бурушуп, кыргыз экенимди белгилешип, ар кандай билдирүүлөрдү жазып жатышат. Учурда аталган клип 33 миллиондон ашык ирет көрүлүптүр. Өзгөчө Европада, Америкада жана башка мамлекеттерде жүргөн талаа-түздөгү мекендештер көп кызыгышууда. Кыргыздын рухун, духун көргөзгөн башымдагы калпакты кеп кылып жатышат. Алардын комментарийлерин да окуп жатам. Жакшысы да, жаманы да бар экен. Эми эл болгондон кийин өйдө-төмөн айтылат да.
Кайыпбай Токтогулов: Артка бир кылчайып карасам, андан бери 33 жыл өтүптүр. Албетте, жаш кезимди, өткөн өмүрдү элестеп көзүңдөн жаш тегеренет
— Көргөндө кандай сезимде болдуңуз?
— Артка бир кылчайып карасам, андан бери 33 жыл өтүптүр. Албетте, жаш кезимди, өткөн өмүрдү элестеп көзүңдөн жаш тегеренет. Бул да турмуш экен да. Аз да болсо бир келген өмүрүмдүн кичинекей ирмеми тасмада калыптыр деп ойлодум. Ал убакта клип тартуу да сейрек кездешчү. Белгилүү топтор же чама-чаркы чак келгендер эле тартпаса, баары эле көчөдө туруп алып тарта берчү эмес. Бирок кантсе да ушунча жыл өткөндөн кийин өзүңдү тасмадан көрүү жагымдуу болот экен. Мындайча айтканда, кенедей эпизоддо калганың менен миллиондогон адамдын көргөнү ич жылытат.
— Ошондон бери Россияда туруп калдыңызбы?
— Ооба, турмуш-шартка байланыштуу азыр Санкт-Петербургда турабыз. Үйлөнүп, үч баланын атасы болгом. Өзүм Сузак районунун Саты айылында 1966-жылы туулуп, ошол айылда өскөм. Окуу жайды бүткөндөн кийин Санкт-Петербургда иштеп калдык. Кийинчерээк соода-сатык менен да алектендик. Ал ортодо Кыргызстанга да барып, кесибибиз менен 5-6 жылдай иштеп келдик. Азыр Россияда өндүрүш тармагында эмгектенебиз. Бул жактагы кыргыз диаспорасынын аксакалдарынын мүчөсүмүн. Биз дагы "мекенибиз өнүгүп кетсе" деп алыста жүрсөк да колубуздан келгенин жасап жатабыз.
Үйдө баарыбыз кыргызча сүйлөшөбүз. Санкт-Петербургда жыл сайын боз үй тигип, Нооруз майрамын өткөрөбүз. Улуттук майрам күндөрү, белгилүү даталарда кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын көрсөтүп, мекендештердин башын бириктирип келүүдөбүз.
Кайыпбай Токтогулов азыр Россиянын Санкт-Петербург шаарында турат
— Кантсе да туулган жерге болгон сагынычыңыз көкүрөктү ээлеп жүргөн экен да...
— Мекенге жылына эле барып турчубуз, бирок пандемияга байланыштуу азыр кармалып турабыз. Шашылыш учур болгондо балдар барып-келип жатышат. Албетте, Ала-Тоону сагынабыз, кээде отуруп балалык чагыңды, окуучулук кезди эстейсиң. Ата-энем болсо эбак эле каза болуп калышкан. Эми ал кишилерди куран менен гана эскерип калдык...