Пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу Кыргызстандан эмнеге ЕАЭБге мүчө болгондугу тууралуу маселени түбөлүк алып салат

4 декабря 2018 Пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу Кыргызстандан эмнеге ЕАЭБге мүчө болгондугу тууралуу маселени түбөлүк алып салат

Кыргызстандын борборунда “Кыргызстандык эмгек мигранттарынын пенсиясын ким төлөйт?” деген темада эксперттик талкуу өттү.

Иш-чарага республиканын мамлекеттик органдардын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандык жана Орусиялык серепчилер катышты. Такуунун уюштууручулары “Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду болду.

- Бишкекте аталган темада эксперттик жолугушууну өткөрүү актуалдуу болду, анткени пенсиялык камсыздандыруу маселеси Евразиялык экономикалык биримдикте иштеп жаткан дээрлик бир миллион кыргызстандыкка тиешелүү. ЕАЭБ мамлекеттеринде иштеп жаткандарды пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кириши эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун туруктуу өнүкүтүрүү үчүн шарт түзүп берет жана эмгек миграциясынын процесстерин таптипке келтирүүгө оң таасирин тийгизет, - деп белгиледи иш-чаранын модератору, “Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун директорунун орун басары Денис Бердаков.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Алмазбек Асанбаев ЕАЭБдин алкагында пенсиялык макулдашуу долбоору 2014-жылдан бери иштелип келе жаткандыгын билдирди.

- Документти даярдоодо Евразиялык экономикалык комиссия биримдикке мүчө мамлекеттер менен биргеликте иш алып барууда. Макулдашуу жалпысынан даяр, бирок азыркы баскычта бир катар чечилбеген маселелер бар. Тактап айтканда, сөз Орусиянын аймагында иштеп жаткан жеке пенциялык коэффициентин (ЖПК) чоңдугу жөнүндө болуп жатат.

Бүгүнкү күндө 4 өлкө – Кыргызстан, Орусия, Белорусь жана Казакстан эмгек мигранттарына карата атайын коэффициент колдонулары жөнүндө сүйлөлөшүп алышты. Ал Орусиядагыдай эле эмгек стажынын мөөнөтүнөн, ошондой эле пенсиялык системагы которулган жана төлөнгөн камсыздандыруу взносторунан көз каранды болот. Бирок, Армения азыр башка позицияны карманып, ЖПКнны чоңдугу 1,8ге барабар болушун сунуштап жатат. Башкасы боюнча документ кол коюуга даяр, - деди серепчи.  

Асанбаев дагы пенсияны эсептөө макулдашуу долбооруна ылайык иш менен камсыз кылган өлкөнүн мыйзамы менен ишке ашырыларын белгиледи.

Кыргызстанага ЕАЭБдин өлкөлөрүндө эмгектенип жаткандарды пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашууга эртерээк кол коюлса пайда болмок. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фондунун төрагасынын оурн басары билдирди.

- Бул документ биздин өлкө үчүн бир катар себептердин негизинде маанилүү. Биринчиден, Макулдашуу долбооруна бирдей, жарандыктан көр каранды болбогон, эмгектенүүчүлөрдүн укугу сыяктуу негиздер камтылган. Эмгуек мигранттары пенсияларды жашаган жери боюнча, же пенсия аныкталган өлкөнүн аймагында ала алышат. Кийинки учур – эмгек стажына кызыктыруу. Бул жерде бардык топтолгон стаж эске алынат, ал ЕАЭБдин кайсы өлкөсүндө алынганына карабайт. Жана албетте, пенсиянын экспорту – бардык пенсиялык жана камсыздандыруу төлөмдөрү мамлекеттер аралык которулат. Муну менен, эгер адам белгилүү бир убакта ЕАЭБдин бир өлкөсүндө иштесе, Кыргызстанда пенсияга чыккан учурда кыргызстандын пенсиясын да, чет элдин пенсиясын да ала алат. Кайталап кетейин – Пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу абдан маанилүү. Аталган документти кабыл алууну бизанчалык создуктурсак, ошончолук биз упай жоготобуз. А бул стаж, - деп көңүл бурду Асанов.

“Polit.kg” маалымат-аналитикалык сайтынын редактору Аркадий Гладилов ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзмадарындагы айырмалычыктарга көңүл бурду.

- Биримдиктин бардык мамлекеттеринде пенсия алуу укугунун пайда болушу ңчңн сөзсүз түрдөгү шарты болуп жаш курагы жана белгилүү бир иш стажынын болушу саналат. Ал эми калгандарына пенсиялык саясат ар түрдүү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн социалдык кызматтарына бирдиктүү документти иштеп чыгууда канчалык кыйын болуп жатканын элестетип гана көрүү керек. Ошондуктан, эртерээк пенсиялык мыйзамды унификациялоо керек, - деп белгиледи саясий баяндамачы.

Орусиянын илимдер академиясынын Е.М.Примаков атындагы Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер улуттук изилдөө институтунун Постсоветтик изилдөөлөр борборунун сектор башчысы Елена Кузьмина (Орусия) төмөнкү учурларга көңүл бурду.   

- Пенсиялык камсыздоо маселелеринде азыр башаламандык байкалууда. Орусиянын жарандыгын алган Кыргызстандын көпчүлүк жашоочулары Орусияда иштеп жүргөн тааныштары сыяктуу эле пенсия ала беребиз деп ойлоп жатышат. Ооба, алар өздөрү иштеп тапкан акчаны ата-энесине, туугандарына жөнөтө алышат. Бирок, бул адамдар мигрант деп эсептелбейт. Алар Орусия Федерациясынын жараны, алар Орусиянын мыйзамы менен иш алып барышат.

Мен көңүл бургум келген дагы бир учур бар, Макулдашууда сөз пенсияны камсыздоо бөлүгү жөнүндө сөз болуп жатат, ЕАЭБ мамлекеттеринин бардыгында базалык пенсия ар түрдүү, - деп басым жасады серепчи.

“Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фондунун ардактуу төрагасы, Кыргызстандын мурунку вице-премьер-министри Шамиль Атаханов Пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууда мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун катышуусу тууралуу айтып берди.

- Бүгүн биз татаал темалардын бирин талкуулап жатабыз. Мамлекеттик пенсиялык система азыр Орусияда да, Кыргызстанда да илимий дагы, практикалык дагы иштеп чыгууну талап кылган оңой эмес учурларды башынан кечирип жатышат. Бирок, келечеги бар башка дагы система бар. Бул мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор (МПФ) – узун акчалар деп аталган эң маанилңң институтту түзүү (узак мөөнөттүү карыз алуу, же узак мөөнөткө берилүүчү насыялар). Анын үстүнө, МПФ эмгек мигранттарын кызыктырышы мүмкүн. Анткени, келечекте алар бир эле өздөрү түзгөн капиталды эмес, инвестициялык кирешеге да ээ боло алышат. Муну менен, мамлекеттик эмес пенсиялык системаны өнүктүрүү өлкөгө реалдуу экономиканы өнүктүрүү үчүн реалдуу акчаны сунуш кылат алат, - деп белгиледи Атаханов.  

Кыргыз өнөр жайчыларынын жана ишкерлеринин биримдигинин аткаруучу вице-президенти Шамиль Борончиев талкууланып жаткан маселе боюнча бизнестин позициясын айтты.

- Ачык айтканда, пенсиялык камсыздандыруу маселесин ишкерлер биринчи жолу ойлонуп жаткан жок. Менин пикиримде, аталган процесси жөнгө салуу менен мамлекет алыктениши керек. бирок, элде альтернатива да болушу керек. Бул планда өкмөттүк эмес пенсиялык фонддор кызыкчылык пайда кылат. Анын үстүнө, алар өнүккөн өлкөлөрдүн экономикаларында мамлекеттик фонддорго караганда чоң роль ойнойт, - деди Борончиев. 

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун сөзү боюнча, Пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө маклудашууну кабыл алуу жана ишке ашыруу Кыргызстан эмнеге ЕАЭБге киргендиги жөнүндө маселени алып салат.

- Биздин коомдо мындай маселелер маал-маалы менен көтөрүлүп турат. Мисалы, социалдык тармактарда, анда адамдардын тобу Евразиялык интеграцияга макул экендигин билдирсе, дагы башкалары каршы чыгышкан. Менин оюмча, макулдашууну ишке ашыруу жана пенсияны төлөп берүү салмактуу аргумент боло алат жана ушул күн тартибиндеги маселениин актуалдуулугун жок кылат.  

Кыргызстанда улуттук деңгээлде пенсия маселеси биринчи көтөрүлгөндөн бери 13 жыл өттү. Бирок, биз азырынча иштебей, сүйлөп гана тим болуудабыз, - деп жыйынтыктады саясат таануучу.

Талкуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, серепчилер ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуу күчүнө кириши менен евразиялык интгерациянын өнүгүүсүнүн жаңы баскычы башталат деген пикирге келишти.

“Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун маалымат кызматы.

Булак: http://enw-fond.ru/proekty/9433-realizaciya-soglasheniya-o-pensionnom-obespechenii-navsegda-snimet-vopros-o-tom-zachem-kyrgyzstan-vstupil-v-eaes.html?fbclid=IwAR1mGDdWCZmRZydP7XJ3U3YKElZtH3_-syjONiLmgcut2voSiFBoQgEW6vY