Бурананы даңазалап... Бишкекте эл аралык мода жумалыгы өтөт

2 февраля 2021 Бурананы даңазалап... Бишкекте эл аралык мода жумалыгы өтөт

4-6-февраль күндөрү ордо калаада BURANA FASHION WEEK-2021 деп аталган эл аралык мода жумалыгы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Миррахим Опош билдирди.

Анын айтымында, жумалык үч күнгө созулат. Мындай эл аралык деңгээлдеги дизайнерлик көргөзмө төртүнчү ирет өтүп жатат.

"Мода көргөзмөсүнө коронавирус пандемиясынан улам Европа, Азия мамлекеттеринен өнөктөштөрүбүз келе албай калды. Бирок коңшу мамлекет болгон Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан кесиптештер келет. Мындан сырткары, Дубайдан да конокторду күтүп жатабыз", — деди Опош.

Уюштуруучу иш-чаранын алгачкы күнү жаш жана калыптанып калган 18 дизайнердин эмгектери көрсөтүлө турганын айтты. Ал эми экинчи күнү Ынтымак Абдылдаев аттуу дизайнердин бренд шоусу болсо, үчүнчү күнү гала көргөзмө уюштурула турганы кошумчаланды.

Жумалыктын максаты тарыхый сепил Бурана мунарасын, кыргыз кийимин жана модасын чет өлкөгө таанытуу болуп саналат.


sputnik