“Төшөк гана керек” ОЮ БУЗУК ЭРКЕКТЕРДИН капканына түшүп калбаңыз

2 февраля 2021 “Төшөк гана керек” ОЮ БУЗУК ЭРКЕКТЕРДИН капканына түшүп калбаңыз

Кыз-келиндерге кеңеш. Кээде көңүлүн кыя албай туура эмес иштерди жасап койгон учурлар да болот. “Алданып калдым, кантип алдынып калганымды да билбей калдым” деп тагдыры талкаланган адамдар көп. Андай абалга кабылбаш үчүн эркектердин айла-амалдарын биле жүрүү керек. Алар кандай капканга салышы мүмкүн?

ЖАГЫМДУУ СҮЙЛӨП...

Мындай жигиттерди кыздардын баары жактырат. Алар сөзүн кооздоп сүйлөп, баарына жагынып алышат. Алар көзү түшкөн кыздарды кучагына тартуу үчүн көпүтн арасында байкатпай комплименттерди айтып турат. Кыздын сулуулугун, жактырып калгандыгын айтып, акырын жакындай берет.

Куулугун мындан билиңиз, алгач кызга жагымдуу сөздөрдү жаадырып, анан жаман оюна өтөт. Ага чейин таттуу сөздөрдү айтып, кыздын жанына такыр жолобойт. Колунан да кармабайт. Кыздын чыдамынын чегине жеткенче таттуу сөздөрдү аябайт, каалаганына жеткенден кийин эч нерсе болбогондой басып кетет.

“КҮЙҮМДҮҮ БОЛУП КӨРҮНҮП...”

Көздөп жүргөн кызды көргөндө гана күйүмдүү, мээримдүү боло калган эркектерден сактаныш керек. Алар адатта кыздардын бир кыйын абалга туш болуп калышын күтөт. Жабышып, комплимент да айтышайт. Алыстан гана көз салып жүрөт. Ошентип жүрүп, кыйынчылык башка келгенде кайдан-жайдан пайда боло калат. Баарынан күткөнү – кыздын жигити менен урушуп кеткен учуру. Ушундай абалда жылуу сөз айтып, көңүлдү жубатып, оюндагысын ишке ашырып басып кетишет.

“ДОС БОЛУП АЛЫП...”

Дос болуп жүргөн жигиттерди байкай жүрүү керек. “Кыз менен жигиттин ортосунда достук болбойт” деген сөздү ушундай “достуктан” жапа чеккендер чыгарышса керек. Жаныңда жүрүп, сырыңды билип, койнуна котур ташын салып жүргөн болушу мүмкүн. Ишенимге кирип алып, ойлобогон жерген жаман оюн ишке ашырып, ал эле эмес, аны бетине кармап, шантаж кылгандар да четтен чыгат.

Мындан тышкары, жигитиңиздин да досторуна көңүл бура жүрүү керек. Дос болуп, досунун кызына кыянаттык кылгандар да бар.

РОМАНТИК

Романтиктердин баары эле андай болуп жаралган эмес. Өзгөчө ашынган романтиктер кыздын мындай “шоуну” жакшы көрөрүн билип, план түзүп жүрүшү мүмкүн. Дегеле, романтик жигиттер кыздардын көбүнө жагат. Анткени, кыздар аны менен курбуларына мактана алат. Бирок, беткаптын артында ким турганын аныктап алган оң.

АЯНЫЧТУУ КӨРҮНҮП...

Кызга мусапыр болуп көрүнүп, алдай тургандар бар. Эгер жигиттин намысы бар болсо, ал эч качан кызга байкуш болуп көрүнбөйт. Ичинде ит уулуп турса да, өзүнүн сүйгөн адамынын жанында алсыз болуп көрүнбөйт. Эгер кыздардын алдында байкуш болуп көрүнсө, андай жигитке ишенбей эле койсо болот. Бул анын айла-амалы болушу мүмкүн.

СЫРДУУ ЖИГИТТЕР

Кээ бирлер көз салып кыздын жанында кокусунан пайда боло калып, кайра бат эле жок болуп кетишет. Мисалы, автобуста жолугуп, кыздын эсинде кала тургандай кыймыл-аракет жасайт да (көзүнөн көзүн албай тигилип, кулап баратканда тосо калып, жардамдашып ж.б.), таанышпай туруп жок болуп кетет. Кийин соода борборунда пайда болуп, дагы бир жолу эстен кетпей турган иш жасайт. Үчүнчү жолукканда гана сүйлөшү мүмкүн. Ушинтип, кызды өзүнө оңой ашык кылып алат. Анан иши бүткөндөн кийин таптырбай кетишет.

Негизи адамда интуиция деген бар. Аны уга алган адам тандоодо жаңылышпайт.