Улукбек Марипов расмий түрдө премьер-министрлик кызматка көрсөтүлдү

1 февраля 2021 Улукбек Марипов расмий түрдө премьер-министрлик кызматка көрсөтүлдү

Премьер-министрлик кызматка Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун талапкерлиги көрсөтүлдү.

Учурда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы жаңы өкмөттүн курамын карап жатат. Мариповдун талапкерлигин "Республика — Ата-Журт" фракциясы сунуштаган.

Көпчүлүк коалиция көрсөтүлгөн талапкерди жактырса бул маселени тиешелүү комитет карайт, андан соң парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Марипов Эсеп палатасынын төрагасы кызматында 2016-жылдын март айынан бери иштеп келе жатат. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшыргандан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Жаңы өкмөттү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы курайт.

sputnik