Быйыл кыргызстандык спортчулар 15 эл аралык мелдешке катышат. Тизме

1 февраля 2021 Быйыл кыргызстандык спортчулар 15 эл аралык мелдешке катышат. Тизме

Кыргызстандык спортчулар быйылкы жылы 15 эл аралык ири мелдешке жана чемпионаттарга катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги 2021-жылга кабыл алган календарлык планда белгиленгенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мелдештердин катарында 2020-жылы Токиодо (Япония) өтөт деп белгиленип, коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырылган Олимпиада оюндары эң маанилүү болуп эсептелет. Иш-чара 23-июлдан 8-августка чейин созулат. Азыркы тапта алты ата мекендик спортчунун лицензиясы бар. Мамлекеттик агенттик 13 спорттун түрүнөн 21 лицензия алуу планы бар экенин билдирген. Олимпиада бүткөндөн кийин Паралимпиадалык оюндар каралган. Ага да кыргызстандык спортчулар катышат.

Республикада болсо үч эл аралык турнир өтөт. Алар Run the Silk road Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону (май айы), триатлон боюнча Азия чемпионаты (сентябрь айы), ошондой эле Ысык-Көл оюндары. Мындан сырткары, улуттук спорттун өкүлдөрү Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат. Мелдештин өтө турган күнү азырынча айтыла элек. Ал эми айрым турнирлер кайсы мамлекеттерде болору да анык эмес.

Калган ири спорттук жарыштар:

  • КМШ оюндары (Россия);
  • Сурдлимпиадалык оюндар;
  • Жабык имараттардагы Азия оюндары (Таиланд);
  • Азиялык пляж оюндары;
  • Ислам тилектештик оюндары (Түркия);
  • Жаштар арасында Азия оюндары (Кытай);
  • Дзюдо боюнча лицензиялык Азия чемпионаты;
  • Регби боюнча Азия чемпионаты;
  • Волейбол боюнча чакырык кубогу.

Календарлык планда республикалык деңгээлдеги мелдештер жана спортчулардын эл аралык турнирлерге катышуусу боюнча иш-аракеттер көрсөтүлгөн.

sputnik