Дарыгер диабеттин өрчүшүнө коркунуч келтирген адатты атады

1 февраля 2021 Дарыгер диабеттин өрчүшүнө коркунуч келтирген адатты атады

Фруктоза кошулган "диеталык" таттуулар адамды семиртип жана диабеттин өнүгүшүнө алып келет. Бул тууралуу дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, мөмө-жемиштеги нукура фруктоза чынында организмге пайдалуу. Анткен менен аны алмаштыргыч катары сунушталган азыктардын курамындагы кант кооптуу болушу мүмкүн.

"Маселен, фруктоза алма, алмурут, жашылча-жемишсиз сиңип кетиши башкача болот... Түз эле фруктозаны жегенибизде туура эмес жерге, туура эмес убакта, туура эмес өлчөмдө сиңе баштайт", — деген дарыгер.

Адис ден соолугуна кам көргөн адамдарды таттуулардын мындай түрүнөн баш тартууга чакырган.

Мясников бул затты арыктоо үчүн жегенде да көйгөй жаратарын кошумчалган.

sputnik