Шевченко: өз акымдан сырткары корей кыздын акчасынан да алмай болдум

4 декабря 2018 Шевченко: өз акымдан сырткары корей кыздын акчасынан да алмай болдум

Узаган ишембиде кыргызстандык Антонина Шевченко Америкадагы белгилүү UFC мушкерлер уюмунда (Ultimate Fighting Championship. — ред.) дебюттук кармашын өткөрүп, түштүк кореялык спортчу Жи Йон Кимди калыстардын чечими менен утуп алган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Антонина Шевченко менен учкай маек куруп, алдыдагы пландары, эмгек акысы жана спорт менен үй-бүлөнү айкалыштыруусу жөнүндө сурады.

— Беттешке канча убакыт бөлүп, атаандашыңызга карата кандай ыкмаларды ойлоп чыктыңыз?

— Мелдешке сиңдим Валентина Шевченко менен биргеликте даярдык көрдүк. Экөөбүздүн кармашыбыздын айырмасы сегиз күн. Азыр биз Торонтонун Канада шаарындабыз. Дал ушул жерде бир тууганымдын чемпиондук кур үчүн кармашы өтөт. Акыркы эки айдагы машыгууну АКШнын үч штатында өткөрдүк. Башында Техаста, анан Лас-Вегаста, соңунда Мэн штатында болдук. Ар кандай залда күчтүү спарринг өнөктөштөр менен даярдандык. Адаттагыдай бизди устатыбыз Павел Федотов коштоп жүрдү.

Баарыңыздар билгендей, кореялык атаандашым таразага түшүү иш-чарасында менден 3 килограммдай оор болуп чыкты.Ал салмагын беттешке чейин 57 килограммга тууралашы керек эле. Мунун айынан Невада спорттук комиссиясы тарабынан кармаш үзгүлтүккө учурап кала жаздады. Мелдешти болтуруу үчүн көптөгөн кагаз иштерин бүтүрүп, чуркаганга туура келди.

— Атаандаш менен үч раунд толук кармашкандан кийин калыстардын чечими менен жеңишке ээ болдуңуз. Мелдешти мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо планы болду беле?

— Каршылашың күчтүү болсо нокаут кылуу кыйын. Жий Йон Ким чабал мушкерлерден эмес. Мага салыштармалуу UFC уюмунда бир канча кармаш өткөргөн. Анткен менен турнирдин башынан аягына чейин мен үстөмдүк кылып, мыкты экендигимди көрсөтө алдым.

​— Бул кармашта алган эмгек акыңыз канча болот? Эл аралык ЖМКлардан уюштуруучулар кореялык мушкер убагында салмагын тууралабаганы үчүн сизге гонорарынын 30 пайызын бериши керек деп айтканын окугам. Ушундай болушу ыктымалбы?

— Ооба, дал ошондой. UFC уюму милдетин аткарбаган мушкерлерди ушинтип жазалайт. Айрым спортчулар эреже менен ойнойт. Маселен, салмагын атайын оор кылып беттешкиси келет. Себеби атаандаштан күчтүү, алдуу болуп, соккуларга туруштук бересиң. Акчасынын 30 пайызын жоготкону менен утуп алса, андан көп каражат алышат. Кошумча сыйлык да бөлүнөт. Корей кыздын да планы ушундай болгон. Менин спортто жүргөнүмө 25 жылдан ашты. Тажрыйба менен техника алда канча өйдө. Андыктан каршылаштын айла-амалы менден качып кутулууга жардам бербейт болчу.

— Алдыда эми кандай пландар бар? Кийинки беттеш качан болот?

— Азырынча белгисиз. Сиңдиме беттешине даярдык көрүүгө жардам берип жатам. Бирок ушуну менен токтоп калбай, мелдеш өткөрүүнү пландап жатам. 124 фунттагы (57 килограмм) дивизиондо мыкты жана жогорку көрсөткүчтөгү мушкерлердин катарын толуктасам дейм.

— Эки жума мурда UFC мушкери Рейчел Остович күйөөсү тарабынан сабалып ооруканага түшкөн. Сурайын дегеним, жеке жашоо менен спортту айкалыштыруу оор эмеспи? Бизге берген маегиңизде үй-бүлөлүү экениңизди жашырган эмессиз.

— Дүйнө жүзүндө эмнелер гана болбойт. Андыктан мушкер кыздын окуясы тууралуу пикиримди айтпай эле коеюн. Өзүм тууралуу айтсам, жеке жашоо менен спортту бирге алып кетүү кыйын эмес, баары сонун.

Антонина Шевченко быйыл Кыргызстанга эки ирет келген. Буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги мушкердин бала чагы, спорттук жолу жана кызыктуу окуялары тууралуу маек курган.



Дагы: sputnik.kg, фото - © Фото / Jeff Sainlar