Жан кирип кеткендей экен. Мексикалык сүрөтчүнүн керемет эмгектери. Видео

1 февраля 2021 Жан кирип кеткендей экен. Мексикалык сүрөтчүнүн керемет эмгектери. Видео

Интернетте мексикалык художник Карлос Альбертонун 3D-сүрөттөрү улам белгилүү болуп бара жатат.

Видео

31 жаштагы чебер граффити ыкмасы менен жан кирип кеткендей сезилген сүрөттөрдү тартып келет.

Анын кыл калеминен жаралган эмгектер жергиликтүү элди эле эмес, туристтерди да таң калтырган. Ал тарткан үч мерчемдүү сүрөттөр көргөн көздү эмес, мээни оңой эле алдап коет. Себеби карап туруп эле бет алдыңда турган чымчык кыймылдап, сени көздөй басып келе жаткандай сезимде каласың.



sputnik