Азыр эс алууга укугубуз жок. Жапаров алгачкы иш сапарын Чүйдөн баштады. Сүрөт

1 февраля 2021 Азыр эс алууга укугубуз жок. Жапаров алгачкы иш сапарын Чүйдөн баштады. Сүрөт

Президент Садыр Жапаров кечээ, 31-январда, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мыкан айылына "Ынтымак-Билим" деп аталган жалпы билим берүү, маданий жана ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу менен таанышууга барган.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-январда, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мыкан айылына "Ынтымак-Билим" деп аталган жалпы билим берүү, маданий жана ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу менен таанышууга барган

Бул анын мамлекет башчы катары алгачкы иш сапары болуп калды. Жапаров эми бардык күч-аракетин элдин ишеничин актоого жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жумшай турганын билдирген.

"Азыр биздин эс алууга укугубуз жок, анткени учурдагы ар бир күн Кыргызстан үчүн кылымга тете. Биз күнү-түнү элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө ант бергенбиз, өзгөртүүлөрдү күткөн элдин үмүтүн актайбыз", — деген Жапаров.

Аталган комплексти Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы каржылап жатканы маалым болду. Ал жерге 500 орундуу мектеп, спорт зал, ФАП, административдик имарат, мечит, футбол талаасы жана оюн аянтчалары курулуп, 1-сентябрда пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Ошондой эле Жапаров инаугурациядан кийин бир катар инвесторлор менен жолуккан. Анда алар авариялык абалдагы мектептерди капиталдык реконструкциялоого колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришкенин белгилеген.

sputnik