Өкмөт башчылыкка талапкердин аты аталды. Дүйшөмбүдө көпчүлүк коалиция чогулат

1 февраля 2021 Өкмөт башчылыкка талапкердин аты аталды. Дүйшөмбүдө көпчүлүк коалиция чогулат

Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн жаңы курамын дайындоо үчүн жыйынга чогулат. Бул туурасында парламенттеги маалымат булагы билдирди. 

Депутаттардын бири жыйын саат 11:00дө башталарын айтты.

Эл өкүлү Жанар Акаев премьер-министрлик кызматка Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек  Марипов көрсөтүлүп жатканын кабарлады.

Ал арада депутат Жанар Акаев билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди кызматтан алып, ордуна Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рыспек Нургазиев сунушталып жатканын жазды. Эл өкүлү мындайга жол бербей, иштеп жаткан кадрларды колдоо керектигин билдирди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшыргандан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Жаңы өкмөттү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы курайт.

sputnik