Өзбекстанда 10 жашар кыздан коронавирустун "британиялык" штаммы табылды. Видео

1 февраля 2021 Өзбекстанда 10 жашар кыздан коронавирустун "британиялык" штаммы табылды. Видео

Өзбекстанда коронавирус инфекциясынын "британиялык" штаммын жуктурган алгачкы учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жетекчиси Боходир Юсупалиев Telegram баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, вирустун жаңы түрү 23-январда жакындары менен Дубайдан кайтып келген 10 жашар кыздан табылган.

"Эл аралык аэропортто тапшырган тести оң чыкты. Тез жардам унаасы менен инфекциялык ооруканага жеткирилип, текшерүүдөн кийин бейтап симптомсуз коронавируска кабылганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Декабрдын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 коронавирусунун жаңы мутациясы тууралуу кабар тараган. Өлкөнүн жаңы респиратордук вирустук кооптуулук боюнча консультативдик кеңеши COVID-19дун жаңы түрү тез жайыларын тастыктап, өтө этият болууга чакырган. Алдын ала маалыматтар боюнча, вирустун жаңы вариантынын жугуштуулугу жогору болсо да өлүмгө көп кептебей турганы айтылып келет.

sputnik